
Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, 5-сентябрда Ак-Суу районунун Шахты-Жыргалаң айылынын Көк-Бел жайлоосунда эс алууга чыккан эки чет элдик турист жолдон адашып, унаасы сазга тыгылып калгандыгы тууралуу маалымат түшкөн.
Жерине ӨКМдин Тоо-кен-куткаруу кызматынын 7-өзүнчө мобилдештирилген тоо-кен куткаруу взводунан 3 куткаруучу тартылып, унааны саздан сүйрөтүп жолго чыгарып беришкен.
Жабыркагандар жок.