Орозайым Нарматова өзүнүн фейсбуктагы баракчасына жеке жашоосу тууралуу пост жарыялады

“Бүтүн Кыргызстан” партиясынын мүчөсү Орозайым Нарматова өзүнүн фейсбуктагы баракчасына жеке жашоосу тууралуу пост жарыялады.
“Мадумаровду сүйөм. Ишиңер болбосун! Мени адам кылган ошол киши. Мен да аны ыраазы кылганга аракет жасайм”-дейт. Экинчи жазган постунда, “Эгер Мадумаровго ачык эле турмушка чыксам, мени талап кетишет го”-деп суроо койгон.
Бирок, көп өтпөй эле жазганын өчүрүп салды. “бул жалаа, фейк” –деп чыгышы мүмкүн. Ошондуктан, анын өзүнүн баракчасы экенине далилдер, баракча 2013-жылы ачылганын жана 31 481 катталуучусу бар экенине көңүл бургубуз келет.
Албетте Орозайым Нарматова өзү билет, анын жеке тандоосу. Адахан Мадумаров дагы жакында аялы менен расмий түрдө ажырашып, нике күбөлүгүн кырккан.