Чет элдик өнөктөштөр эки атайын унааны гранттык негизде беришкен, – Эрбол Султанбаев

Социалдык тармактын колдонуучулары президент Садыр Жапаровдун кортежинде жаңы унаалар пайда болгонун айтып чыгышты.

Бул маселенин айланасында бир катар талкуулар жаралып, президенттин кортежиндеги эки жаңы унаа кайдан жана кайсы акчага келгенин тууралуу суроолор жаралган.

Соцтармактагы билдирүүгө жооп калтырган президенттин басма сөз катчысы Эрбол Султанбаев кортежге кошулган жаңы унааларга өлкө казынасынан акча сарпталбаганын айтты.

«Чет элдик өнөктөштөр Мамлекет башчысынын күзөт кызматы үчүн коштоп жүрүүчү эки атайын унааны гранттык негизде беришкен. Мамлекеттик казынадан эч бир каражат кеткен жок», — деп жазды мамлекет башчынын басма сөз катчысы.

Белгилей кетсек, Кыргызстандын 31 жылдыгы Чүйдүн Чуңкурчак жайлоосунда болгон. Анда президент Садыр Жапаров бир канча унаанын коштоосундагы кортеж менен келип кеткен.