Bulak.kg редакциясынын журналисттик иликтөөсүнүн жыйынтыгында масштабдүү текшерүү жүргүзүлөт

Bulak.kg  редакциясынын «Пираты Иссык-Кульского побережья» аталышындагы журналисттик иликтөөсүнүн жыйынтыгында Ысык-Көл облусунун ыйгарым укуктуу өкүлүнүн орун басары Улан Далиев мамлекеттик кызматкерлер менен айыл өкмөттөрүн чакырып, аталган иликтөөдөгү айтылган маселе боюнча текшерүү жүргүзүү тапшырмасы берилди.

Тактап айтканда, беш райондо жумушчу группасы түзүлүп, анда акимдин жетекчилиги алдында пансионаттарда эжана эс алуу жайларында мыйзамда келтирилген талап боюнча көлдүн жээгиндеги туура эмес салынган имараттарга, капиталдык курулуштарга инвентаризация жүргүзүлмөкчү.

««Ысык-Көлдүн» экология-экономикалык өнүгүүсүнүн үзгүлтүксүз системасы боюнча дыкат текшерүү жүрөт”.

 Bulak.kg редакциясына маек берген Улан Далиев белгилегендей, жумуш топторуна атайын буга убакыт берилген: Ысык-Көл районуна — 20 күн, себеби бул райондо эс алуу жайлары көп курулган. Ал эми башка райондорго — 10 жумушчу күн берилди.

«Ал эми 9-сентябрда акимдер текшерүүнүн жыйынтыгы менен бизге келип отчет бериши керек. Отчетто мыйзамсыз курулуштарга тиешелүү документтерди ким берген, качан тургузулган, ким тарабынан деген сыяктуу суроолорго жоооп берилиши керек. Ошону менен катар объекттерге тиешелүү документтер кайсы орган тарабынан берилгени жана курулуштун тийиштүү документтери текшерилиши зарыл.

Аталган текшерүүдөн кийин, биз сот органдарына кайрылабыз. Кимде ким тазалоочу суу түтүктөрүндө бузуулар боло турган болсо, айып төлөйт. Ал эми капиталдык курулуштар көл жээгинен 100 метр алыстыкта салынбаган болсо, алар демонтаждалат», —деди губернатордун орун басары.

Ал белгилегендей, аталган журналисттик иликтөө капиталдык курулуштарга масштабдуу капитальных текшерүү жүргүзгөнгө түрткү берди.

«Соттук органдар туура чечим чыгарат деп үмүт кылабыз», — дейт Далиев.

Эске салсак, Bulak.kg редакциясынын журналисттери Ысык-Көлдүн жээгинде жүз метр аралыкта талапка туура келбеген курулуштарды куруп алгандыгы тууралуу иликтөө жүргүзгөн. Анда канализация көлдүн жээгиндеги жүз метр аралыктан алыс эмес салып, мыйзамды тебелеп тепсеген чиновник менен атка минерлерди коттедж, эс алуу үйлөрүн жана чакан пансионаттарды чагылдырган.