Бишкектен Кореянын борбору Сеулга аба каттам ачуу пландалууда

Быйыл Бишкектен Кореянын борбору Сеулга аба каттам ачуу пландалууда. Бул тууралуу Кореянын Кыргызстандагы ардактуу консулу Ким Хо Сон Туризмди өнүктүрүүнү колдоо фондундагы жолугушууда билдирди.

Анын айтымында, аба каттам туристтик сезон маалында жумасына эки жолу уюштурулуп, туристтердин көбөйүшүнө өбөлгө болот.

Аны менен бирге Ким Хо Сон Кыргызстанга Кореянын университеттик клиникаларын чакырууну сунуштаган. Ал белгилегендей, алар Кыргызстанда өз филиалдарын ачса, чет өлкөдөн бейтаптардын дарыланууга келишине шарт түзүлмөк.

«Башкы шарт Кыргызстандын өкмөтү чет мамлекеттен келген туристтерге ПЦР-тест тапшырууну милдеттүү кылуусу керек. ПЦР-тест билеттердин баасына киргизилип, анын баасы 10-15 доллардан ашпашы зарыл. Бул норманын киргизилишин кореялык клиникалар инвестиция салууга белги катары көрөт», — деди ал.

Жолугушуунун жыйынтыгында макулдашылгандай, фонд кореялык өнөктөштөр менен инвестициялык долбоорлорду иштеп чыгып, Кореядан туристтерди тартуу боюнча иш пландарын жүзөгө ашырат.