
Чүйдүн Сокулук районунун Ала-Тоо-3 конушундагы көлмөдөн адамдын сөөгү табылды. Бул тууралуу ӨКМдин басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, Ала-Тоо 3 конушунда 33 жаштагы А.Ж. аттуу эркек киши көлмөгө түшүп кеткен.
Жерине төрт куткаруучу тартылып, саат 18:55те эркек кишинин сөөгүн суудан чыгарып, милиция кызматкерлерине өткөрүп беришкен.