
Коомдук ишмер Токтайым Уметалиева “Даңк” медалы менен сыйланды. Тиешелүү Жарлыкка өлкө башчы Садыр Жапаров кол койгонун президенттин басма сөз кызматы кабарлады.
Белгилей кетсек, бүгүн президент Садыр Жапаров Кыргызстандын социалдык-экономикалык потенциалын өнүктүрүүгө кошкон зор салымы үчүн мамлекеттик сыйлыктар менен сыйлоо жөнүндө Жарлыкка кол койгон.
Токтайым Уметалиева коомдук жана укук коргоочулук иштерден тышкары агартуучулук менен алектенип, 2000-жылдан тарта балдар жана өспүрүмдөр үчүн “Айданек” гезитин чыгарып келүүдө.
Уметалиева бир нече жолу президенттик шайлоого катышкан.