Ак-Талаа районунун милициясы аз камсыз болгон үй-бүлөлөргө жардам көрсөтүштү

Нарын ОИИБи: Ак-Талаа районунун милициясы аз камсыз болгон үй-бүлөлөргө жардам көрсөтүштү

Ак-Талаа райондук ички иштер бөлүмүнүн коомдук коопсуздук кызматынын кызматкерлери 2022-2023-окуу жылынын башталышына карата аз камсыз болгон үй-бүлөлөргө азык-түлүк, ал эми балдарына окуу куралдарын алып беришип, жардам көрсөтүштү.

Мындай саамалык жылына милиция кызматкерлери тарабынан өткөрүлүп келет.

Мындан тышкары райондун жергиликтүү бийлик өкүлдөрү менен бирдикте ички, тышкы мигранттардын балдарын текшерүүгө алып, зордук-зомбулуктун алдын алуу максатында жеринде түшүндүрүү иштери жүргүзүлүп жатат.

Нарын ОИИБдин Басма сөз кызматы