Азимбек Бекназаров сурак берди

Убактылуу өкмөттүн мурдагы мүчөсү, Кыргызстандын Малайзиядагы мурдагы толук жана ыйгарым укуктуу элчиси Азимбек Бекназаров Башкы прокуратуранын тергөөчүлөрүнө сурак берди. Бул тууралуу ал журналисттерге билдирди.

Анын айтымында, ал күбө катары суракка алынган. Суроолор өзбек диаспорасынын лидери, Жогорку Кеңештин экс-депутаты Кадыржан Батыровдун өлкөдөн чыгып кетишине байланыштуу болгон.

Белгилей кетсек, кылмыш иши Бишкектин Биринчи Май райондук сотуна өткөрүлгөн. Алдын ала угуулар 15-августта болгон. Убактылуу өкмөттүн айрым мүчөлөрүнө айып тагылган.