ИИМ: Караколдо уурулук менен алектенген жаран кармалды

Бул тууралуу ИИМден билдиришти.

Бир айдан ашык убакыт мурда Каракол шаардык ички иштер бөлүмүнө жергиликтүү тургун (аял киши) мүлкүн уурдоо фактысы боюнча кайрылган. Жабырлануучу аял Каракол шаарындагы «Ак-Тилек» базарынан уюлдук телефонун уурдап кеткен белгисиз адамдарга чара көрүүнү суранган.


Бул факты шаардык милиция бөлүмүнө катталып, топтолгон материалдардын негизинде Кылмыш-жаза кодексинин 205-беренеси «Уурдоо» боюнча кылмыш иши козголгон.

WhatsApp Image 2022 08 26 at 16.21.44 ИИМ: Караколдо уурулук менен алектенген жаран кармалды


Туристтик сезондун ортосунда милиция кызматкерлери тарабынан кылмыштуулук менен күрөшүү боюнча күчөтүлгөн чаралар көрүлдү. Жүргүзүлгөн ыкчам-издөө иш-чараларынын натыйжасында ИИМдин Кылмыш иликтөө башкы башкармалыгынын мүлктүк кылмыштарга каршы күрөшүү боюнча бөлүмүнүн кызматкерлери тарабынан кылмышка шектүү жаран аныкталды.
Кармалган жаран 1982-жылы туулган С.Т. Тоң районунун тургуну, чөнтөк уурулук менен алектенет. Аталган жаран мурда уурулук боюнча бир нече жолу соттолгон. Учурда кармалган жарандын ушул сыяктуу башка кылмыштарга катыштыгы текшерилүүдө. Учурда тергөө амалдары жүрүп жатат.