Чүй облустук ички иштер башкы башкармалыгында онлайн кеңешме өттү

2022-жылдын 22-августунда Чүй облусунун ички иштер башкы башкармалыгынын
начальнигинин орун басары Каныбек Абдрахманов Чүй облусунун аймагында
коомдук тартипти сактоо жана алдыдагы Эгемендик күнүнө карата коомдук
коопсуздукту камсыздоо чаралары боюнча онлайн кеңешме өткөрдү.
Кеңешмеге Чүй облустук ички иштер башкы башкармалыгынын жетекчилиги, Чүй
облустук ИИББнын кызматтарынын жетекчилери ошондой эле шаардык, райондук
бөлүмдөрүнүн башчылары катышып, коомдук коопсуздукту камсыздоо боюнча
иш-чараларды талкуулашты.

3 2 Чүй облустук ички иштер башкы башкармалыгында онлайн кеңешме өттү


Онлайн кеңешмеде терс көрүнүштөргө, укук бузууларга бөгөт коюу боюнча
тиешелүү иштерди жүргүзүү менен жергиликтүү бийлик өкүлдөрү менен тыгыз
байланышта иш алып баруу боюнча тапшырмаларды коюп, жер-жерлерде
профилактикалык иштерди тынымсыз жүргүзүүнү Чүй ОИИББнын башчысынын орун
басары К.Абдрахманов талап кылды.


Коомдук коопсуздук кызматынын башчысы Э.Атантаев Эгемендик күнүнө жана
окуу жылынын башталышына карата боло турган иш-чараларга көрүлүп жаткан
даярдыктар боюнча маалымат берди.
Жыйындын жүрүшүндө Чүй облусунун Ички иштер башкы башкармалыгынын
башчысынын орун басары К.Абдрахманов иш-чараларды өткөрүүдө коомдук
тартипти камсыз кылуу боюнча жүктөлгөн милдеттерди так аткаруу талабын
коюп, райондук ички иштер бөлүмдөрүнүн жетекчилерин көзөмөлгө алуусун
тапшырды.

1 4 Чүй облустук ички иштер башкы башкармалыгында онлайн кеңешме өттү
Чүй облустук ички иштер башкы башкармалыгында онлайн кеңешме өттү.