Ысык-Көл облусунда браконьерликке каршы күрөш күчөтүлүүдө

Кыргыз Республикасынын Президентинин “Ысык-Көлдүн экологиясын сактоо боюнча кечиктирилгис чаралар жөнүндө” Жарлыгын жана Ысык-Көл облусунун аймагында балык запастарын жана областтын экосистемаларынын ар кылдуу биотармагын коргоону камсыз кылуу, браконьерликке каршы күрөштү күчөтүү, жаратылыш ресурстарын коргоонун эффективдүүлүгүн жогорулатуу максатында Президенттин Ысык-Көл облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлчүлүгү тескеме чыгарды.

Ага ылайык, жумушчу топ түзүлүп, браконьерликке каршы күрөштү күчөтүү, жаратылыш ресурстарын коргоонун эффективдүүлүгүн жогорулатуу жана облустун экосистеманын ар кылдуу биотармагын коргоону камсыз кылуу багытталган комплекстүү иш-чара бекитилди.

Иш тез жана тоскоолдуксуз жүргүзүлүүсү үчүн 10 тонна күйүүчү май бөлүнүп берилди, эми тиешелүү кызматтар күн сайын рейдге чыгып, аткарылган иштер боюнча ар жуманын дүйшөмбү күнү саат 9.00гө Президенттин Ысык-Көл облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн аппаратына отчет берип турушмакчы.

WhatsApp Image 2022 08 22 at 08.02.45 Ысык-Көл облусунда браконьерликке каршы күрөш күчөтүлүүдө
WhatsApp Image 2022 08 22 at 08.02.46 Ысык-Көл облусунда браконьерликке каршы күрөш күчөтүлүүдө
WhatsApp Image 2022 08 22 at 08.02.46 1 Ысык-Көл облусунда браконьерликке каршы күрөш күчөтүлүүдө