Москва-Самара: Жол кырсыктан 14 адам каза болуп, үч адам ооруканага түштү

Россиянын Ульяновск облусунда үрөй учурган жол кырсыктан 14 адам каза болуп, үч адам ооруканага түштү. Бул тууралуу Россиянын Ички иштер министрлиги билдиргенин РИА Новости жазды.

Маалыматка караганда, оор жүк ташуучу унаанын айдоочусу каршы тилкеге ​​чыгып кетип, автобус менен кагышкан. Алдын ала маалыматтар боюнча каза болгондор Казакстандын жарандары экендиги айтылууда.

Ошол эле учурда Казакстандын Тышкы иштер министрлиги Ульяновскидеги жол кырсыктан каза болгондордун жана жабыркагандардын арасында Казакстандын жарандары жок экенин билдирди.