“Бала сеники эмес, сенден төрөгөн эмесмин”. Таластагы милиционердин апасы чындыкты айтты

Бул тууралуу Кактус.медиа жазды.

Таласта жол кайгуул кызматынын кызматкери аялын өлтүргөнгө шектелип кармалган. Окуя катталгандан 8 ай өткөндөн кийин инспектордун аялын ур-токмокко алган видеосу тарады. Көп өтпөй эле каза болгон келиндин жакындары окуя тууралуу айтышып, күнөөлүү жак тосмо арыз жазгыла деп коркутканын билдиришкен.

Шектүү кызматкердин апасы видео кайрылуу жасап, уруш эмнеден чыкканын айтты.

“Баламдын намысын, келинимдин абийирин ойлоп ушул убакка чейин жаап-жашырып келгем. Бирок кудам президентке кайрылуу жасагандан кийин чыдап отура алган жокмун. Балам атайын өлтүрөйүн деген эмес. Ошол күнү келиним кеч барып экөө сөз менен уруша кетишкен. Келиним мастык менен “бала сеники эмес, сенден төрөгөн эмесмин” дегенде уулум ачуулукка алдырып уруп салган, кокустук болду”, – дейт ал

YouTube video