Президент бир катар аткаминерлерге сөгүш берди

Президент бир катар аткаминерлерге дисциплинардык жаза чараларын жарыялады. Бул тууралуу мамлекет башчынын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, Садыр Жапаровдун буйругу менен КР Эмгек кодексинин 146-беренесине ылайык, Транспорт жана коммуникациялар министри Эркинбек Осоевге жүктөлгөн милдеттерди талаптагыдай аткарбагандыгы, берилген тапшырмаларды аткарбагандыгы үчүн сөгүш жарыяланды.
Президенттин «Ысык-Көлдүн экологиясын коргоо боюнча кечиктирилгис чаралар жөнүндө» Жарлыгын ишке ашыруудагы кемчиликтер үчүн төмөндөгүдөй сын-пикирлер айтылды.

Президенттин Ысык-Көл облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Алтынбек Сулайманов;

Ички иштер министрлигинин Ысык-Көл облусунун ички иштер башкармалыгынын башчысы Канат Жумагазиев;

Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигинин Ысык-Көл облустук башкармалыгынын башчысы Руслан Термеев.