Бүгүн, 16-августта «Полит Узник» баракчасынын администратору, блогер Ырыс Жекшеналиевдин баш коргоо чарасы каралып, 2 айга камалды.
Биринчи май райондук соту чыгарган чечимге ылайык, ал СИЗО-1де кармалат.
Эске салсак, Фейсбуктагы «Полит узник» баракчасынын администратору, блогер Ырыс Жекшеналиев 14-августта УКМКнын мурдагы төрагасы Абдил Сегизбаевдин «Жетим-Тоонун» казылуусуна каршы чыккан эски видеосун жарыялагандыгы үчүн суракка чакырылып, 48 саатка камалган. Ага карата Кылмыш-процессуалдык кодексинин 278-беренесинин 3-бөлүгү (Бийлик өкүлдөрүнүн мыйзамдуу талаптарына баш ийбөө жана массалык баш аламандык уюштурууга чакыруу) менен кылмыш иши козголгон.