Жекшеналиевдин апасы унаанын жолун тороп, уулун көрсөтүүнү талап кылды

Бүгүн, 16-августта  «Полит Узник» баракчасынын администратору Ырыс Жекшеналиевдин бөгөт чарасы Биринчи май райондук сотунда каралды.

Соттун чечиминен кийин Жекшеналиевдин апасы унаанын жолун тороп, уулун көрсөтүүнү талап кылды.

«Баламды көрүшүм керек. Эмне үчүн аны алып кетип жатканда ата-энесине чалып кабарлап коюшпайт»,-деди Жекшеналиевдин апасы.