Урмат Жаныбаев: Ырыс Жекшеналиев саясий куугунтукка туш болду

14-август күнү кечинде Facebook социалдык тармагындагы «Полит Узник» баракчасынын администратору Ырыскелди Жекшеналиев ИИМдин Тергөө башкы башкармалыгына суракка чакырылып, андан соң 48 саатка камакка алынган. Ал өз тайпасынын баракчасына УКМКнын мурдагы башчысы Абдиль Сегизбаевдин Жетим-Тоо темасындагы архивдик видеосун жүктөгөнү – “массалык башаламандыкка чакыруу” беренеси менен бааланып, кылмыштын курамы бар болгону үчүн камалганы белгиленди.     

Бул тууралуу BULAK.KG сайтына жарандык активист Урмат Жаныбаев өз оюн билдирди.

“Ырыс Жекшеналиев жөнөкөй жаран катары өз пикирин билдирип жаткан. Бийликтин бул чечимдерин саясий куугунтук деп эсептейм. Бул жаш баладан биздин мамлекетке жана бийликке эч кандай зыян жок.

Азыркы бийлик Жетим-Тоо темасы калкка жакпай жатканын сезип, Ырысты камоо сымал ыкма менен нааразычылыктарды тыюуну көздөп жатат. Бирок алар мындай активисттерди кармоо менен тескерисинче бул маселеге көңүлдү бурдуруп, өздөрүнө каршы чыккан адамдардын санын көбөйтүүдө.

Ырыс Жекшеналиев кезектеги инвесторлор келип биздин экологияга балта чабат деп тынчсызданууда. Чынын айтсам мен Жетим-Тоо маселесин изилдеп көргөн жокмун. Бирок элге мындай инвестициялардан эч качан пайда болгон эмес.       

Жаш патриотторду камап коюп, элдин эсебинен жашаган коррупционерлерге чара көрүлбөй жатат. Андан сырткары жакында эле мушкер Хабиб Нурмагомедов Кыргызстанга келгенде кээ бир адамдардын уулдары мамлекеттик резиденцияга ээн-эркин кирип чыгып жүрүшөт. Бул жагымсыз окуялардын жанында өлкөнү ойлогон жаштарды камап коюу акылга сыйгыс көрүнүш деп ойлойм”.