Мечитте Садыр Жапаровдун атынан жоолуктар тапшырылды

15-августта Кыргызстан мусулмандарынын Азирети Муфтийи Замир кары Ракиев ордо калаабыздагы имам Сарахсий мечитинде өлкө башчы тарабынан берилген жоолуктарды тапшырып, аял затынын исламдагы ордун түшүндүрдү. Бул тууралуу муфтияттын басма сөз кызматы тараткан маалыматта айтылат.

whatsapp image 2022 08 16 at 10 17 30 3 Мечитте Садыр Жапаровдун атынан жоолуктар тапшырылды

Маалыматта айтылгандай, азирети Муфтий Кыргызстан мусулмандарынын Дин Башкармалыгынын ишмердүүлүгү, аялзаты үчүн уюштурулуп жаткан сабактар жана окуу курстары боюнча айтып, ишемби жана жекшемби күндөрү Муфтияттын алдындагы Хадижа айымдардын окуу борбору атайын сабактарды өткөрүп жаткандыгын билдирген.

whatsapp image 2022 08 16 at 10 17 29 1 1 Мечитте Садыр Жапаровдун атынан жоолуктар тапшырылды

Саамалыкка КР Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссиясынын директорунун орун басары Гульназ Исаева катышып, 2021-2026-жылдарга карата кабыл алынган концепцияны түшүндүрүп берди.