Эмил Молдодосов Ислам тилектештиги оюндарында оор атлетика боюнча күмүш медалдын ээси болду

Балбан Эмил Молдодосов Түркияда өтүп жаткан Ислам тилектештиги оюндарында оор атлетика боюнча күмүш медаль тагынды. Бул тууралуу Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлиги билдирди.

Кыргызстандык спортчу 89 килограмм салмакта күч сынашкан. Ал жулкуп көтөрүүдө 3-орунду, түртүп көтөрүүдө да 3-орунду ээлеп, жалпы эсепте 365 упай менен күмүш медалга татыган.

Учурда Ислам тилектештиги оюндарында Кыргызстандын капчыгында жалпы 6 алтын, 6 күмүш, 4 коло медаль бар.