Токтогул райондук жалпы медициналык практика борборунун башкы эсепчиси кармалды

Бул тууралуу УКМКнын басма сөз кызматынан кабарлашты.

КР УКМК Жалал-Абад областы боюнча башкы башкармалыгына катталган кылмыш ишинин алкагында, Токтогул райондук жалпы медициналык практика борборунун башкы эсепчиси пара алып жаткан жеринен кармалды.

whatsapp image 2022 08 10 at 16 16 37 Токтогул райондук жалпы медициналык практика борборунун башкы эсепчиси кармалды

Такталгандай, 2022-жылдын май айында жогоруда аталган борбор компьютердик кызмат көрсөтүү боюнча тендер жарыялап, анда «Н.Т.О.» аттуу жаран жеңүүчү деп табылган. Токтогул райондук жалпы дарыгерлик практика борборунун башкы эсепчисине аткарылган иштери боюнча отчет
берилсе дагы, ал 24 миң сом өлчөмүндө «бөлүшүү» акча каражатын талап кыла баштаган.

2022-жылдын 9-августунда көрүлгөн ыкчам-иликтөө иш-чараларынын жыйынтыгында башкы бухгалтер А.М.Ю. кармалып, Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 343-беренесинин 1-бөлүгүндө жана Кыргыз Республикасынын Жазык-процесстик кодексинин 96-беренесинде каралган кылмышты жасаган деген шек менен КР УКМК Жалал-Абад облусу боюнча тергөө камак жайынын убактылуу кармоочу жайына киргизилди.

Учурда ыкчам-иликтөө иш-чаралар жүрүп жатат.

WhatsApp Image 2022 08 10 at 16.11.11 1 540x360 1 Токтогул райондук жалпы медициналык практика борборунун башкы эсепчиси кармалды