Ошто 7 жаштагы бала каналга түшүп кетти

Ошто 7 жаштагы бала каналга түшүп кеткен. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, Учар айылынын Дача тилкесинде каналга 2015-жылы туулган С.А. аттуу бала түшүп кеткен. Жерине 4 куткаруучу тартылып, издөө иштери жүрүп жатат.