«Кадастр» мамлекеттик мекемесинин кызматкери кармалды

Аламүдүн райондук «Кадастр» мамлекеттик мекемесинин кызматкери кармалды. Бул тууралуу УКМКнын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, «Кадастр» мамлекеттик мекемесинин Аламүдүн филиалынын кызмат адамы кызмат абалынан кыянаттык менен пайдаланып, Аламүдүн районунун аймагында жайгашкан бакча-дача участогуна мамлекеттик актыны берүү үчүн Кыргызстандын жараны К.П.К.дан 100 000 (жүз миң) сом өлчөмүндө акча каражатын талап кылгандыгы аныкталган.

Кылмыш-жаза кодексинин 343 1-бөлүгү (кызмат адамы тарабынан пара талап кылуу) боюнча УКМК тарабынан сотко чейинки өндүрүштүн алкагында, ушул жылдын 3-августунда «Кадастр» мамлекеттик мекемесинин Аламүдүн районундагы филиалынын жер кадастры жана кадастрдык изилдөө боюнча убактылуу жетектөөчү адиси Д. к Г. такталган.

2022-жылдын 28-июлунда УКМК дарегине, белгиленген иш боюнча оң чечим чыгарып берүү үчүн 100 000 (жүз миң) сом өлчөмүндө акча каражатын талап кылуу боюнча К.П.К. аттуу Кыргызстандын жараны «Кадастр» мамлекеттик мекемесинин кызматкерине чара көрүү жөнүндө жазуу жүзүндөгү арызы менен кайрылган.

3-августта «Кадастра» МИ Аламүдүн филиалынын административдик имаратында 100 000 (жүз миң) сом өлчөмүндө акча каражатын алып жаткан жеринен Аламүдүн районундагы филиалынын жер кадастры жана кадастрдык изилдөө боюнча убактылуу жетектөөчү адиси Д. к Г. кармалды.

Учурда тиешелүү тергөө амалдары жүргүзүлүүдө.