Баткенде чек арачынын куралынан сегиз жаштагы балага ок тийди

Баткен районунда чек арачынын куралынан сегиз жаштагы балага ок тийген. Жабыркаган бала учурда Баткен облустук биргелешкен ооруканасынын жандандыруу бөлүмүндө дарыгерлердин көзөмөлүндө.

Маалыматка ылайык, окуя 7-августта кечинде Баткен районунун Тажикстан менен чектешкен аймактагы Миң-Өрүк айылында болгон. Алдын ала маалыматта 19 жаштагы жергиликтүү тургун чек арачылардын жанына келип, куралды кармап көрөм деп колуна алганы айтылат. Ошол маалда курал атылып кетип, ок жанында турган сегиз жаштагы баланын жамбашына тийип, омурткасын да жабыркаткан.

Өспүрүм 7-август күнү кечинде облустук ооруканага жеткирилген.

Чек ара кызматы окуя тууралуу азырынча расмий маалымат бере элек.