Саламаттык сактоо министринин милдетин аткаруучу кан тапшырды

Республикалык кан борборунда кандын запасы тартыш болуп жаткандыктан бүгүн, 6-августта саламаттык сактоо министринин милдетин аткаруучу Жаркынбек Касымбеков кан тапшырды. Бул тууралуу аталган министрликтен билдиришти.

Касымбеков менен бирге анын орун басары Улан Садыков да кан тапшырган.

Учурда кан борборунда бейтаптарга кан куюу үчүн кандын запасы дээрлик калбай калган. Бүгүнкү күндө III (B) терс (Rh-) кан тобу жок. Мындан улам министрлик жарандар кан тапшыруу менен адам өмүрүн сактап калууга жардам берерин белгилеп, кыргызстандыктарды кан тапшырууга чакырат.

Эскерте кетсек, мындан мурдараак Республикалык ден соолукту чыңдоо жана массалык коммуникация борборунун директору Нурила Алтымышева мекеменин кызматкерлери менен кан тапшырып, жарандарды кан тапшырууга чакырган.

Кан тапшырууга кантип даярдануу керек, ким донор боло алат жана башка суроолор боюнча 0(312)54 1913 номерине кайрылууга болот. Дареги: Бишкек ш., Ч. Айтматов пр., 60.

Кан донору болууну каалаган жарандар облустардагы кан борборлоруна да кайрылып, кан тапшыра алат.

297945777 5344467345672545 3922828212232569653 n 1200x630 1 Саламаттык сактоо министринин милдетин аткаруучу кан тапшырды