Балыкчы шаарында ЖККУнун «Кобальт-2022» машыгуусу аяктады

ИИМ: Балыкчы шаарында ЖККУнун «Кобальт-2022» машыгуусу аяктады


2022-жылдын 5-августунда Ысык-Көл облусунун Балыкчы шаарында 20636 аскер бөлүгүнүн «Эдельвейс» окуу борборунда ЖККУнун “Кобальт-2022” атайын-тактикалык машыгууларынын жыйынтыктоочу этабы өттү.
Машыгуунун жүрүшүндө уюмга мүчө мамлекеттердин атайын багыттагы бөлүмдөрү бандалык жол-жоболорду, террористтик топторду издөө, бөгөт коюу жана жок кылуу, ошондой эле баңги заттарды контрабандалык каналдарды жабуу жана баңги заттарды сактоо жана өндүрүү жана аларды жок кылуу боюнча скрондорду, лабораторияларды табуу боюнча окуу-машыгуу жана колдонмо Ыкчам-согуштук милдеттерди иштеп чыгышты.

WhatsApp Image 2022 08 05 at 12.44.16 1 Балыкчы шаарында ЖККУнун «Кобальт-2022» машыгуусу аяктады
WhatsApp Image 2022 08 05 at 12.44.17 1 Балыкчы шаарында ЖККУнун «Кобальт-2022» машыгуусу аяктады


Машыгуунун негизги максаты боюнча төмөнкү атайын операциялар иштелип чыкты: “Мамлекеттик чек аранын мыйзамсыз куралдуу түзүмдөрүнө бөгөт коюу, КР УКМКнын Чек ара кызматы тарабынан чек ара аймагында согуш аракеттерин киргизүү”, “ЖККУнун Ыкчам чара көрүү жамааттык күчтөрүнүн атайын багыттагы күчтөрүнүн түзүмдөрүнүн тарабынан мыйзамсыз куралдуу түзүлүштөрдүн чачыранды топторун издөө, табуу жана жоюу”, “Улуттар аралык уюшкан баңги топторун издөө, табуу жана жок кылуу”, “Атайын операция болгон районду тосуу, калктуу пунктта чалгындоо-издөө аракеттерин жүргүзүү, ЖККУнун Ыкчам чара көрүү жамааттык күчтөрүнүн атайын багыттагы күчтөрүнүн түзүмдөрүнүн тарабынан мыйзамсыз куралдуу түзүлүштөрдү куралсыздандыруу жана жоюу”, “ЖККУнун Ыкчам чара көрүү жамааттык күчтөрүнүн атайын багыттагы күчтөрүнүн түзүмдөрүнүн тарабынан мыйзамсыз куралдуу түзүлүштөрдү буктурмаларды өткөрүү, уюштуруу жана жок кылуу”, “Коммерциялык банктын имаратында барымтага алынгандарды бошотуу жана мыйзамсыз куралдуу түзүлүштөрдү жок кылуу боюнча атайын бөлүктөрдүн иш-аракеттеринин тактикасы. Объектилердеги өзгөчө кырдаалдарды жоюу. Жаракат алгандарга медициналык жардам көрсөтүү”.

“Мыйзамсыз куралдуу түзүлүштөрдү зыянсыздандыруу жана автотранспортто барымтадагыларды бошотуу боюнча ЖККУнун Ыкчам чара көрүү жамааттык күчтөрүнүн атайын багыттагы күчтөрүнүн түзүмдөрүнүн (полиция, Улуттук гвардия) иш-аракеттеринин тактикасы”.


Жамааттык коопсуздук жөнүндө Келишим Уюмунун Башкы катчысы Станислав Васильевич Зась, машыгуунун жыйынтыгын чыгарып жатып, атайын багыттагы күчтөрдүн түзүмдөрүнө жогорку баа берип, бардыгы болуп 500дөн ашык адам аскердик жана атайын техниканы колдонуу менен катышкандыгын, ал эми чалгындоо үчүн учкучсуз учуучу аппараттар активдүү колдонулгандыгын баса белгиледи.


Өз кезегинде, Кыргыз Республикасынын ички иштер министри милициянын генерал-лейтенанты Улан Ниязбеков: “Бүгүн атайын операция күчтөрүнүн түзүлүшү менен “Кобальт-2022” атайын-тактикалык машыгуу ийгиликтүү аяктады. Террористтик уюмдарга каршы күрөшүү, ошондой эле баңги аткезчилигинин каналдарын тосуу жана баңгизаттарды сактоо жана өндүрүү жана аларды жок кылуу, лабораторияларды табуу боюнча күжүрмөн милдеттер ийгиликтүү иштелип чыкты. Бул биздин жамааттык күчтөрүбүздү колдонуу керек болгон учурда күжүрмөн иштөөгө олуттуу даярдык” – деп жыйынтыктады.
Эске салсак, “Кобальт-2022” машыгууларына Казакстан, Армения, Россия, Тажикстан, Белоруссия, Бириккен штаб жана ЖККУ катчылыгы, ИИМдин, Улуттук гвардиянын, ӨКМдин жана УКМК Чек ара кызматынын аскердик контингенттери жана ыкчам топтору катышкан.

WhatsApp Image 2022 08 05 at 12.44.16 Балыкчы шаарында ЖККУнун «Кобальт-2022» машыгуусу аяктады
WhatsApp Image 2022 08 05 at 12.44.18 Балыкчы шаарында ЖККУнун «Кобальт-2022» машыгуусу аяктады
WhatsApp Image 2022 08 05 at 12.44.22 Балыкчы шаарында ЖККУнун «Кобальт-2022» машыгуусу аяктады
WhatsApp Image 2022 08 05 at 12.44.12 Балыкчы шаарында ЖККУнун «Кобальт-2022» машыгуусу аяктады
WhatsApp Image 2022 08 05 at 12.44.19 Балыкчы шаарында ЖККУнун «Кобальт-2022» машыгуусу аяктады
WhatsApp Image 2022 08 05 at 12.44.20 2 Балыкчы шаарында ЖККУнун «Кобальт-2022» машыгуусу аяктады
WhatsApp Image 2022 08 05 at 12.44.21 Балыкчы шаарында ЖККУнун «Кобальт-2022» машыгуусу аяктады
WhatsApp Image 2022 08 05 at 12.44.22 1 Балыкчы шаарында ЖККУнун «Кобальт-2022» машыгуусу аяктады
91c7097a 3467 4459 800b 85aa435df3aa Балыкчы шаарында ЖККУнун «Кобальт-2022» машыгуусу аяктады


Машыгуунун жүрүшүндө спорттук-массалык иш-чаралар (мини-футбол, аркан тартыш жана ок атуучу куралдан мелдеш, тоскоолдук тилкесин жеңүү) уюштурулган. Жыйынтыгында жеңүүчүлөр кубоктор, медалдар жана ар кандай даражадагы дипломдор менен сыйланышты.

YouTube video


ИИМдин Басма сөз кызматы