
Эстониянын өкмөтү Советтер Союзунун бардык эстеликтерин жана монументтерин мамлекеттин бардык аймактарынан кулатмай болду.

Бул тууралуу 4-августта мамлекеттин өкмөт башчысы Кая Каллас билдирди. Анын айтымында бул кадам Украинадагы согуш менен байланыштуу себеп болгон.
«Башкы максат белгиленген – мамлекеттин бардык жерлеринен кызыл армиялык монументтерди сүрүп чыгаруу», – деп баса белгиледи Каллас. Ошондой эле ал кошумчалагандай, бул «өкмөттүн бардык мүчөлөрүнүн биргелешкен чечими». «Так график азырынча жок, – деди премьер. – Биз болгону бул иштерди эч кимге зыян жана тоскоолсуз тез арада кылуу аракетин көрүп жатабыз» дейт ал.
Эстонияда учурда 200-400 советтик эстеликтер бар.Бийликтин изилдөөсү боюнча алардын көпчүлүгү Улуу Ата Мекенди чагылдырган эстеликтер болуп саналат.