Кадамжай районунда тойканада массалык уулануу болуп, жабыркагандардын саны 89га жетти

Баткен облусунун Кадамжай районунда тойканага барган 89 адам ууланды. Бул тууралуу Санэпидемстанциядан маалымдашты.

Маалыматка ылайык, 30-июлда тойканада үйлөнүү той өтүп, 250 адам конок болгон. Алгач 31-июль күнү 48 адам Кадамжай аймактык ооруканага дене табы көтөрүлүп, ичи өтүп, кускан симптомдор менен кайрылышкан. Бүгүн,1-августка карата уулангандардын саны 89га жетти. Анын арасынан 14 адам (арасында  2өө жаш бала) ооруканага жаткырылган, абалдары орто оор деп бааланууда.

Кадамжай аймактык санэпидемстанциянын берген маалыматында, жабыркагандар эт тамагынан, майонез кошулган салат, тоок этинен жагымсыз жыт болгонун айтышкан. Салат менен этти той ээлери үйүнөн жасап келишкен. «Кафеге карата протоколдор толтурулду, ага айып салынат. Санитардык эпидемиологиялык көзөмөлдөө департаменти териштирүү иштерин улантууда», — деп билдирди мекемеден.