Таластагы 5-класстагы окуучунун ок тийип каза болушу. Милиция окууянын чоо-жайын айтып берди

Таласта 5-класстын окуучусу 11-класстын окуучусу чыгарган октон каза болду деген окуя боюнча Талас ОИИБ төмөнкүдөй маалымат берди.

— 28-июль күнү саат 11:00 чамасында Манас районунун Нылды айылынын 11 жаштагы тургуну Б.А. ок атуучу куралдан жаракат алып каза болгондугу аныкталган. Аталган маалымат Манас РИИБдин маалыматтарды каттоо журналына катталган. Тергөө-ыкчам тобу окуя болгон жерге барып, жеринен кароо жүргүзгөн. Кароо учурунда анын денесинен жаракат издери аныкталган.


Текшерүү учурунда аны атып алган баланын өздүгү такталып, Манас районунун 15 жаштагы тургуну К.А. экендиги маалым болгон.
Окуя боюнча тергөөдө керектүү кишилер суралып, ок атуучу куралды эч кимге айтпай ойноп алып чыгып, ошол жерде балдар менен жарышып баратып, эшектин үстүнөн колундагы мылтык кокустан атылып кеткенин билдирген.


Азыркы учурда аталган курал кимге таандык экендигин тактоо үчүн милиция кызматкерлери тарабынан кошумча иштер жүргүзүлүп жатат. Манас РИИБдин Тергөө кызматы тарабынан кылмыштардын бирдиктүү реестрине которулуп, 122-берененин 1-бөлүмү менен кылмыш иши козголуп, тийиштүү экспертизалар дайындалып, тергөө аракеттери жүргүзүлө баштады.