№1 Тергөө абагында “Дөө Чыңгыз” каймана атындагы кримдүйнөсүнүн мүчөсү өлтүрүлдү

“Дөө Чыңгыз” каймана атында таанымал болгон кримдүйнөсүнүн мүчөсү Чыңгыз Жумагуловдун өлүк денеси №1 тергөө абагынан табылды. Бул тууралуу Кактус медиа маалымат сайты жазып чыкты.

Жумагулов бүгүн күндүз өлтүрүлгөнү белгилүү болду. Маалыматка ылайык аны менен бир камерада жаткан адам кекиртегин кесип салган.

Бул маалыматка Бишкектин ИИМ Башкы башкармалыгы комментарий бере элек.