Чолпон-Атада Кыргызстан менен Россиянын башкы прокурорлору жолукту

Ысык-Көл облусунун Чолпон-Ата шаарында Кыргызстан менен Россиянын башкы прокурорлору Курманкул Зулушев менен Игорь Краснов жолугушту. Бул тууралуу Башкы прокуратуранын басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, жолугушуу учурунда эки өлкөнүн башкы прокурорлору кибер кылмыштуулукка, трансулуттук уюшкан кылмыштуулукка, анын ичинде терроризмге жана диний экстремизмге, коррупцияга, мыйзамсыз миграцияга жана адамдарды сатууга каршы күрөшүү маселелеринде ведомстволор аралык өз ара аракеттенүүнү жана кызматташтыкты күчөтүүнү талкуулашты.

Ошондой эле тараптар эки мамлекеттин жарандарынын, анын ичинде эмгек миграциясында жүргөн жарандардын укуктарын жана кызыкчылыктарын өз ара коргоо маселелерине да токтолушкан.

Зулушев кесиптешине Россияда жүргөн кыргыз жарандарынын укуктарын жана кызыкчылыктарын коргоодо, кылмыш иштери боюнча укуктук жардам көрсөтүүдө, трансулуттук кылмыштуулук менен күрөшүүдө жана Россиянын Башкы прокуратурасынын окуу жайларынын базасында прокуратура органдарынын кызматкерлеринин квалификациясын жогорулатууда үзгүлтүксүз колдоо көрсөтүп келгендиги үчүн терең ыраазычылыгын билдирди.

“Россия менен Кыргызстанды көп жылдык бекем достук мамилелер байланыштырып турат. Эки өлкөнүн прокуратурасы жөнүндө да ушуну айтууга болот. Учурда ар түрдүү багыттар боюнча кызматташтык динамикалуу өнүгүп жатат жана бүгүнкү жолугушуу аны мындан ары бекемдөөгө багытталгандыгын баса белгилегим келет”, – деген Россиянын башкы прокурору.

Эки тараптуу жолугушуунун жыйынтыгы боюнча КР менен РФнын Башкы прокуратурасы ортосунда 2022-2023-жылдарга карата биргелешкен иш-чаралар планына кол коюлду.

Кол коюлган пландын алкагында, тараптар 2022-2023-жылдар аралыгында жогоруда аталган маселелер боюнча эки тараптуу кызматташтыкты бекемдөө жана кеңейтүү боюнча иш-чараларды өткөрүшөт.