Бишкектеги жаңы стадиондун курулушу качан башталат? Жаманкуловдун жообу

Бишкекте салынчу жаңы стадиондун курулушунун качан башталары азырынча белгисиз. Бул тууралуу жарым жылда аткарылган иштер тууралуу отчет берип жатып маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министри Азамат Жаманкулов билдирди.

Анын айтымында, учурда долбоор иштелип чыгып, куруучу тарап тандалган.

«Стадионду Орок айылынын аймагында куруу пландалууда. Болжолдуу түрдө 23 миң кишилик болот. Жакынкы убакытта президент Садыр Жапаров стадиондун курулушуна капсула салат деп үмүттөнөм», – деди ал.