Кыргызстан менен Өзбекстан соода-экономикалык мүнөздөгү актуалдуу маселелерди талкуулады 

Кыргызстандын Өзбекстандагы элчиси Муса Жаманбаев Өзбекстандын Соода-өнөр жай палатасынын төрагасы Даврон Вахабов менен жолугушту. Бул тууралуу КР Тышкы иштер министрлигинин басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, жолугушууда тараптар соода-экономикалык мүнөздөгү актуалдуу маселелерди талкуулашып, келечектүү багыттар боюнча пикир алмашты.

Тараптар 2021-жылдын март айында мамлекет башчыларынын деңгээлиндеги макулдашууларды ишке ашыруу боюнча тийиштүү чараларды активдештирүү жана ишкерлер үчүн кошумча мүмкүнчүлүктөрдү түзүү жана өндүрүштү кеңейтүү зарылдыгын белгилешти.

Ошондой эле Өзбекстандын президенти Ш.Мирзиёевдун Кыргызстанга боло турган мамлекеттик иш сапарын даярдоо алкагында, элчи М.Жаманбаев экономикалык өнүгүүнү жогорулатуу, эки өлкөнүн ишкерлеринин ортосундагы кызматташтыкты жана бизнес өнөктөштүктү өнүктүрүү максатында Кыргызстандын аймагында Бизнес-форум өткөрүүнү сунуштады.

Мындан тышкары, Жаманбаев өз ара сооданы жандандыруу жана эки тараптуу соода жүгүртүүнү көбөйтүү үчүн шарттарды түзүү максатында Кыргызстан менен Өзбекстандын аймагында өз ара соода үйлөрүн ачуу боюнча иштерди жүргүзүүнү сунуштады.

Ушуну менен катар тараптар Өзбек-Кыргыз өнүктүрүү фондунун чоң потенциалын белгилешти, атап айтканда, өнөр жай сектору, фармацевтика өнөр жайы, курулуш, айыл чарба, мал чарбасы жана балык чарбасын өнүктүрүү сыяктуу биргелешкен кызматташтыктын багыттары белгиленди.

Ошондой эле аймактар аралык кызматташтыкты өнүктүрүү максатында элчи 2022-жылдын 15-17-сентябрында Ош шаарында өтө турган «Түштүк-Экспо» көргөзмө-жарманкесине өзбек ишкерлеринин катышуусун уюштурууну сунуштады.

Сүйлөшүү учурунда Өзбекстандын Соода-өнөр жай палатасынын төрагасы Д. Вахабов Өзбекстандын Ташкент текстиль жана жеңил өнөр жай институтунун ректору экендигин билдирди жана ушуга байланыштуу, кыргыз студенттерин аталган университетте окутууну иштеп чыгуу мүмкүнчүлүгүн билдирди.

Жолугушуунун аягында Д. Вахабов өзбек тараптын кыргыз-өзбек ишкерлеринин байланыштарын өнүктүрүүгө багытталган демилгелерин ар тараптуу колдоого даярдыгын билдирди.