Польшанын тышкы иштер министри сентябрда Кыргызстанга келет

Кыргызстандын Тышкы иштер министрлигинин Үчүнчү саясий департаментинин директору Руслан Бекболотов Польшанын Тышкы иштер министрлигинин Чыгыш департаментинин директору Михал Гродзки менен жолугушту. Бул тууралуу КР ТИМдин басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, Кыргызстан менен Польшанын ортосунда дипломатиялык мамилелердин түзүлгөндүгүнүн 30 жылдыгынын алкагында тараптар үстүбүздөгү жылдын сентябрында Бишкек шаарында тышкы иштер министрликтер ортосундагы кезектеги консультацияларды, ошондой эле 2022-жылдын күзүндө Польшанын тышкы иштер министри, ЕККУнун учурдагы төрагасы Збигнев Раунун Кыргызстанга сапарын уюштуруу мүмкүнчүлүгү талкууланды.

Соода-экономикалык кызматташуу жаатында Руслан Бекболотов биргелешкен бизнес-форумдарды өткөрүүнүн маанилүүлүгүн белгилеп, белгилүү польшалык текстиль буюмдарынын өндүрүүчүлөрү менен кызматташууга кызыкдар экенин билдирди. Михал Гродзки поляк тараптын Кыргызстан менен айыл чарба, инновация жана маалымат технологиялары жаатында кызматташууну өнүктүрүүгө кызыкдар экенин билдирди. Тараптар ошондой эле Экономикалык кызматташтык боюнча кыргыз-поляк өкмөттөр аралык комиссиясынын кезектеги жыйынын өткөрүү мүмкүнчүлүгүн талкуулашты.

Жолугушууда билим берүү тармагындагы кызматташтыкты өнүктүрүү, анын ичинде Кыргызстандан келген студенттер үчүн мүмкүн болуучу стипендиялык программалар, ошондой эле биргелешкен семинарларды жана тренингдерди уюштуруу, польшалык лекторлорду Бишкек шаарына жиберүү жагынан Кыргызстан менен Польшанын дипломатиялык академияларынын ортосундагы кызматташтыкты өнүктүрүү маселелери талкууланды.

Бекболотов Польшанын «Одродзение» (Кайра жаралуу) коомдук бирикмесинин Кыргызстандагы ишмердүүлүгүн, анын маданиятты жана поляк тилин өнүктүрүүгө салым кошуп жаткандыгын оң белгиледи.

Жолугушууда ошондой эле эл аралык күн тартиби, анын ичинде Афганистан жана Украинадагы кырдаал боюнча пикир алмашуу болду.