Садыр Жапаров: Биздин тарыхый миссия – бүтүндүгүбүздү жана коопсуздугубузду сактоо

“Биздин алдыбызда турган тарыхый миссия – бүтүндүгүбүздү жана коопсуздугубузду сактоо, өлкөлөрүбүздүн жана элдерибиздин өнүгүүсүн жана гүлдөп-өнүгүшүн камсыз кылуу”, – деп билдирди президент Садыр Жапаров Ысык-Көл облусунун Чолпон-Ата шаарында өткөн Борбордук Азия мамлекеттеринин башчыларынын төртүнчү консультативдик жолугушуусунда.

Мамлекет башчысы мындай маанилүү миссияны ишке ашыруу үчүн Борбор Азия чөлкөмү өзүн-өзү жетиштүү жана мүмкүнчүлүктөрү жана ресурстары жагынан ар түрдүү экенин белгиледи.

«Быйыл жана келерки жылы биз дипломатиялык мамилелердин түзүлгөнүнүн 30 жылдыгын белгилеп жатабыз. Өткөн кылымдар бою бир тууган беш элибиздин бекем достугу жана ынтымактуу жанаша жашоосу менен тарыхтын бардык оош-кыйыштарына бирге туруштук берип, бүгүнкү күндө дүйнөнүн саясий картасына эгемендүү, көз карандысыз мамлекеттер катары жазылдык.

Кылымдар бою кайталангыс цивилизацияны алып жүргөн байыркы элдерибиз бүгүнкү күндө Борбордук Азияны чагылдырып турат. Бул биз сыймыктана турган жалпы байлык!», – деди президент Садыр Жапаров.