ИИМдин Баңгизаттарды мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы күрөшүү кызматынын ыкчам кызматкерлери тарабынан «Канал-Невский щит» эл аралык баңгизаттарга каршы операциясынын алкагында 5 кг ашуун “гашишти” сатуу учурунда баңгизат курьерлери кармалган.
Кыргыз Республикасынын ИИМнин БМЖКККнын Мобилдүү-ыкчам бөлүмдөрүнүн башкармалыгына «Э» аттуу жаран Ош облусунун жана Ош шаарынын аймагында өзгөчө ири өлчөмдөгү баңгизат каражаттарын мыйзамсыз сактап жана сатуу аракеттерин көрүп жүргөндүгү жөнүндө маалымат келип түшкөн.
Аталган факты боюнча Ош ОИИБдин Тергөө кызматы тарабынан КРнын КЖКнин 282-беренесинде (сатуу максатында баңгизат каражаттарды, психотроптук заттарды жана алардын аналогдорун мыйзамсыз даярдоо) каралган кылмыштын белгилери боюнча кылмыш иши козголгон.
Аталган кылмыш ишинин алкагында жүргүзүлгөн ыкчам иш-чаралардын натыйжасында, Ош облусунун Карасуу районунун Кызыл-Кыштак айылында 1985-жылы туулган М.А. аттуу жаран 1991-жылы туулган Д.С. аттуу жарандар баңгизаттарын сатууга аракеттенип жаткан жеринен ИИМдин АБПнын Ош облусу боюнча АООнын кызматкерлери менен биргеликте кармашкан. М.А. аттуу жаранга таандык “ДЭУ-Матиз” үлгүсүндөгү унаасынын салонунунун ичинен гашиш баңгизат каражатына окшош өзгөчө жытка ээ зат табылып алынган.
Д.С. аттуу жаранга таандык “Хонда-Фит” үлгүсүндөгү автоунаага тинтүү жүргүзүү учурунда жалпы салмагы 5 кг 859 гр түзгөн, Оогандан өндүрүлгөн “гашиш” баңгизат каражаты табылып алынган.
Ош ШИИБнын Криминалистика кызматынын корутундусуна ылайык алынган заттар, жалпы салмагы 5 кг 859 гр болгон “гашиш” бангизат каражаты болгон.
Кармалгандар М.А. жана Д.С. Кара-Суу райондук Убактылуу кармоочу жайына киргизилген.
Бүгүнкү күндө аталган кылмышка тиешеси бар атуулдарды аныктоо боюнча иш чаралар улантылып жатканын ИИМдин басма сөз кызматы кабарлайт.