Кыргызстандык дыйкандарга Россиядан келген 6 миң тонна үрөн берилди

Кыргызстандык дыйкандарга Россиядан келген 6 миң тоннадан ашуун үрөн берилди. Бул тууралуу Бишкектеги басма сөз жыйынында айыл чарба министри Аскарбек Жаныбеков билдирди.

Анын айтымында, айыл чарба субъекттерин үрөн менен камсыз кылуу максатында республикалык бюджеттен 1,5 млрд сом бөлүнгөн.

Министр белгилегендей, бул каражат Россиядан 15 миң тонна жогорку репродукциядагы буудай, арпа, май өсүмдүктөрү жана эспарцеттин үрөндөрүн жеткирүүгө жумшалып жатат. Учурда 6 миң 100 тонна үрөн алынып келип, дыйкандарга бөлүнгөн.

Мындан тышкары, Казакстандан 1 миң тонна буудай үрөнү алынып келип, гуманитардык жардам катары таратылды.

Ошондой эле минералдык жер семирткичтерди сатып алууга республикалык бюджеттен 975,3 млн сом каралган.

Өзбекстандан 4 миң 977 тонна жер семирткич алынып келди, калган 15 тоннасы жакынкы күндөрү ташылып келет.