Ички иштер органдарынын ишмердүүлүгү менен таанышуу үчүн Корея Улуттук полиция агенттигинин делегациясы келди

Бул тууралуу ИИМден билдиришти.

Ички иштер органдарынын ишмердүүлүгү менен таанышуу үчүн Корея Улуттук полиция агенттигинин делегациясынын 5 күндүк иш сапары башталды.
Делегациянын негизги миссиясы борбордук аппараттын жана негизги кызматтардын, Ыкчам башкаруу борборлорунун, ИИМдин санариптештирүү боюнча ишмердүүлүгүн изилдөө болуп саналат.
Улуттук полиция агенттигинин делегациясынын негизги курамы – Корея Улуттук полиция агенттигинин эл аралык кызматташтык башкармалыгынын инспекторунун жардамчысы Ко Жиеун, эл аралык кызматташтык башкармалыгынын башкы инспектору Сеон Хиису, санарип криминалистика инспектору, өзгөчө маанилүү иштер боюнча тергөө тобунун инспекторунун жардамчысы Ли Жинхо, Санарип криминалистикалык лабораторияларды түзүү боюнча корпорациянын инспектору Хванг Инюп ИИМдин борбордук аппаратынын ишмердүүлүгү менен таанышышты.

WhatsApp Image 2022 07 15 at 15.59.39 Ички иштер органдарынын ишмердүүлүгү менен таанышуу үчүн Корея Улуттук полиция агенттигинин делегациясы келди


Ички иштер органдарынын ишин санариптештирүүнүн алкагында ведомствонун кызматтарын жаңы техникалык жабдуулар менен жабдылышы боюнча натыйжалуу иштер жүргүзүлгөн.
Меймандарга ИИМдин маалымат каражаттары жана коомчулук менен иштөө боюнча жаңыланган маалымат борбору, расмий делегациялар менен жолугушуу жана онлайн конференцияларды өткөрүү үчүн эл аралык кызматташтык залы көрсөтүлдү.
Ыкчам башкаруу жана координациялоо борборуна өзгөчө көңүл бурулуп, ал аркылуу акылдуу камералар онлайн режиминде өлкөнүн бардык райондорунда жана шаарларында эл көп чогулган жерлерде кырдаалды көзөмөлдөп турушат. Жаңы технологиялар милициянын көчмө кабылдамаларынын ишин көзөмөлдөөгө, милициянын аймактык ыйгарым укуктуу кызматкерлеринин төш камераларынан аудио жана видео маалыматтарды алууга мүмкүндүк берет.

WhatsApp Image 2022 07 15 at 15.59.38 Ички иштер органдарынын ишмердүүлүгү менен таанышуу үчүн Корея Улуттук полиция агенттигинин делегациясы келди


Жолугушуунун жүрүшүндө Ички иштер министринин орун басары милициянын полковниги Суюнбек Ниязбеков бүгүнкү иш-чара октябрь айында өткөн полиция саммитинде биздин жетекчилердин жолугушуусунун логикалык уландысы экендигин белгиледи. “Бүгүн биз ички иштер органдарын реформалоонун негиздеринин бир бөлүгүн көрсөттүк, алардын негизги максаты калкка кызмат көрсөтүү, кылмыштуулуктун алдын алуу жана ага каршы күрөшүү, жаңы санариптик технологиялар аркылуу жарандардын коопсуздугун камсыз кылуу болуп саналат”, – деди ИИМдин орун басары.


Ошондой эле Суюнбек Ниязбеков белгилегендей, дүйнө жүзүндө заманбап илимий-техникалык жетишкендиктердин прогресси жүрүп жатат жана аны менен бирге инновациялык технологияларды жана интернет мейкиндигин пайдалануу менен жасалган кылмыштардын жаңы түрлөрү пайда болууда, трансулуттук кылмыштуулуктун масштабы өсүүдө, бул жарандардын жана алардын мүлкүнүн коопсуздугуна коркунуч туудуруп келет.

Санариптик криминалистиканы жана жаңы жабдууларды кибер кылмыштарга каршы күрөшүүгө, Кыргыз милициясынын күнүмдүк ишине киргизүү аларды иликтөөдө маанилүү ролду ойнойт, ошондой эле материалдык далилдерди сот процесстеринде туура алууга жана колдонууга мүмкүндүк берет, бул кылмыштуулуктун өсүшүнүн азайышына таасирин тийгизет. Бүгүнкү күндөгү бардык кыйынчылыктарга бир дагы мамлекет туруштук бере албайт. Кылмыштуулукка каршы натыйжалуу күрөшүү максатында кызматташуубузду өнүктүрүү жана аларга каршы күрөшүүдө жаңы ыкмаларды колдонуу зарыл. Мында биздин иш-аракеттерибиз кадыр-баркка, адам укуктарына жана мыйзамдын үстөмдүгүнө негизделиши керектиги белгиленди.

WhatsApp Image 2022 07 15 at 15.59.37 Ички иштер органдарынын ишмердүүлүгү менен таанышуу үчүн Корея Улуттук полиция агенттигинин делегациясы келди


Сөзүнүн аягында Суюнбек Ниязбеков келип мүмкүн болгон коркунучтар менен күрөшүүдө конструктивдүү кызматташууга даяр экендигин билдирди.
Жолугушуунун жүрүшүндө эл аралык кылмыштуулукка каршы күрөшүүгө багытталган заманбап инновациялык технологияларды колдонуунун жана тажрыйба алмашуунун маанилүүлүгү тууралуу маселелер талкууланды.

WhatsApp Image 2022 07 15 at 15.59.39 1 Ички иштер органдарынын ишмердүүлүгү менен таанышуу үчүн Корея Улуттук полиция агенттигинин делегациясы келди

ИИМдин Басма сөз кызматы