Садыбакас Дооловдун «аялдын эти арзандаган себептүү, базардагы койдун эти кымбаттады» дегени териштирилет

Кыргызстан Мусулмандарынын дин башкармалыгы Садыбакас Дооловдун социалдык тармактарда талкуу жараткан видеосуна байланыштуу териштирүү жүргүзөт. Бул тууралуу муфтияттан кабарлашты.

«Кыргызстан мусулмандарынын Дин Башкармалыгы Садыбакас ажы Дооловдун айткандары боюнча тактоо иштерин жүргүзөт жана видеодо айтылган маалыматтар кандай максатта айтылгандыгын териштирет», — деп айтылат маалыматта.

Белгилей кетсек, социалдык тармактарда диний ишмер Садыбакас Дооловдун видеосу жарыяланган. Анда имамдын ачык кийинген кыз-келиндер тууралуу кеп кылып, «аялдын эти арзандаган себептүү, базардагы койдун эти кымбаттады» деп айтканы тартылган.