ИИМ: Кыргызстандын аймагына гашиш баңгизатын жеткирүү каналына бөгөт коюлду

     Кыргыз Республикасынын ИИМдин БМЖККК тарабынан Казакстан Республикасынан Кыргыз Республикасына өзгөчө ири өлчөмдөгү баңги каражаттарды сатуу максатында аткезчилик каналын жөндөп алган  баңгилик топтун ишмердүүлүгүнө бөгөт койду.
   Аламүдүн районунун Ленинское айылында ыкчам-тергөө иш-аракеттерди өткөрүү учурунда  салмагы 1 кг 800 граммды түзгөн  “гашиш” баңгизатын сатуу учурунда 2001-жылы туулган Б.К. аттуу Кыргыз Республикасынын жараны кармалган.

  Андан кийинки иш-чараларды өткөрүү учурунда ыкчам кызматкерлер экинчи шектүү адамды кармашкан. Ал, Казакстан Республиканын жараны 2000-жылы туулган М.Э. аттуу болуп чыкты. “Субару-Б4” үлгүсүндөгү унаага жашыруун орун жасап Казакстан Республикасынан Кыргыз Республикасынын аймагына көрсөтүлгөн баңги каражаттарды сатуу максатында аткезчилик жолу менен алып келген.

  Аталган факт боюнча Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 282-беренесинин 3-бөлүгү  (баңгизат каражаттарды, психотроптук заттарды жана алардын окшошторун сатуу максатында  мыйзамсыз даярдоо) боюнча кылмыш иши козголгон.
   Азыркы учурда, Кыргыз Республикасынын ИИМдин БМЖКККсы көрсөтүлгөн баңгилик топтун башка мүчөлөрүн жана бул кылмышка тиешелүү жактарды кармаганга тергөө-ыкчам иш-аракеттерин жүргүзүүдө.

  Кармалгандар шектүүлөр Бишкек шаарынын тергөө абагына киргизилип, тергөө аракеттери уланууда.
WhatsApp Image 2022 07 05 at 12.11.53 1 ИИМ: Кыргызстандын аймагына гашиш баңгизатын жеткирүү каналына бөгөт коюлду
WhatsApp Image 2022 07 05 at 12.11.53 2 ИИМ: Кыргызстандын аймагына гашиш баңгизатын жеткирүү каналына бөгөт коюлду

ИИМдин Басма сөз кызматы

WhatsApp Image 2022 07 05 at 12.11.48 1 ИИМ: Кыргызстандын аймагына гашиш баңгизатын жеткирүү каналына бөгөт коюлду
WhatsApp Image 2022 07 05 at 12.11.49 1 ИИМ: Кыргызстандын аймагына гашиш баңгизатын жеткирүү каналына бөгөт коюлду
WhatsApp Image 2022 07 05 at 12.11.48 ИИМ: Кыргызстандын аймагына гашиш баңгизатын жеткирүү каналына бөгөт коюлду
WhatsApp Image 2022 07 05 at 12.11.49 ИИМ: Кыргызстандын аймагына гашиш баңгизатын жеткирүү каналына бөгөт коюлду