«Дордой» базарындагы өрттөн үч адам жабыркады

Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, контейнерден чыккан өрт саат 14:18де толук өчүрүлгөн. Өрттүн жалпы аянты болжол менен 1000 чарчы метрди түздү.

291693291 1734205283646386 6440266403008844281 n 1536x691 1 «Дордой» базарындагы өрттөн үч адам жабыркады

«Тилсиз жоонун кесепетинен 3 адам жабыркаган. Түтүнгө уулангандардын бири – Өзгөчө кырдаалдар министрлигине караштуу шаардык өрт өчүрүү бөлүмүнүн кызматкери»,-деп айтылат маалыматта.