
Билим берүү жана илим министрлиги бардык билим берүү уюмдары боюнча маалыматтарды чогулта турган «Билим» маалымат порталын түздү. Бул тууралуу аталган министрликтин басма сөз кызматы билдирди.
Билим берүү уюмдары иш-чаралар, аккредитациялар, вакансиялар, байланыштар тууралуу маалымат менен баракча түзө ала тургандыгы белгиленген.
Порталды пайдалануу билим берүү уюмдары үчүн акысыз.
Уюмдардын маалыматтары боюнча рейтинг түзүлөт. Бул билим берүү мекемелеринин ишмердүүлүгүнүн деңгээлин аныктоого мүмкүндүк берет.