Менчик медициналык жайлар текшерилет, – Эдил Байсалов

Бул тууралуу Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Эдил Байсалов Твиттердеги баракчасына жазды.

Анын айтымында , саламаттык сактоо министрлигинде түзүлгөн жумушчу комиссия жеке менчик медициналык жайларды текшере баштады.

Эске салсак, буга чейин саламаттык сактоо министрлиги лицензиялык талаптарга жооп бербеген 111 менчик медициналык мекеме жабыларын билдирген.