Кызыл-Кыя шаарынын аймагындагы 44 гектар жерге cоода жана логистикалык борбор курулат

КР министрлеринин кабинетинын кезектеги жыйынында Баткен облусунун Кызыл-Кыя шаарынын аймагындагы 44 гектар жер тилкесин бөлүп берүү жөнүндө чечимдин долбоору бекитилди. Бул тууралуу министрлер кабинетинин басма сөз кызматы билдирди.

Министрлер кабининетинин төрагасы Акылбек Жапаров белгилегендей, аталган жер тилкесине соода жана логистикалык борбордун курулушу пландаштырылууда.