Кыргызпатент «Эл аралык рынокто интеллектуалдык ишмердиктин натыйжаларын ишке ашыруу» аталышында тегерек стол өткөрдү

24-июнда Кыргызпатент «Эл аралык рынокто интеллектуалдык ишмердиктин натыйжаларын ишке ашыруу» аталышында тегерек стол өткөрдү.

Иш-чарага «Сколково» фондусунун төрагасынын орун басары Александр Окунев, эл аралык уюмдардын, жогорку окуу жайлардын, бизнес-коомчулуктун өкүлдөрү, орто жана чакан ишканалардын жетекчилери, Кыргыз Республикасынын ойлоп табуучулары катышышты. 

Кыргызпатенттин директору Рахат Керимбаева өз сөзүндө, талкууланып жаткан тема тегерек столдун катышуучулары үчүн өтө маанилүү экендигин, эл аралык рынокто интеллектуалдык ишмердиктин натыйжаларын илгерилетүү максаттуу маселе экендигин  белгиледи.

Тегерек столдо ата мекендик өндүрүшчүлөрдүн ойлоп табууларын, интеллектуалдык менчик жана инновация багытында адистешкен кыргыз бренддерин эл аралык рынокко алып чыгуу маселелери талкууланды.  Күн тартибинде интеллектуалдык менчиктин натыйжаларын коммерциялаштыруу боюнча тиешелүү сунуштар айтылып,  ишке ашыруу боюнча демилгелер айтылды.

03 2 Кыргызпатент «Эл аралык рынокто интеллектуалдык ишмердиктин натыйжаларын ишке ашыруу» аталышында тегерек стол өткөрдү
01 4 Кыргызпатент «Эл аралык рынокто интеллектуалдык ишмердиктин натыйжаларын ишке ашыруу» аталышында тегерек стол өткөрдү