Кадамжай районунун Кайтпас айылында туннель табылды

УКМК тарабынан аткезчилик иштерин аныктоо, алдын алуу жана бөгөт коюу боюнча жүргүзүлгөн ыкчам-тергөө иш-чараларынын жүрүшүндө, УКМКнын чек ара кызматынын кызматкерлери менен биргеликте 2022-жылдын 24-июнунда Баткен облусунун Кадамжай районунун Кайтпас айылында туннель табылды. Бул тууралуу УКМКнын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, туннель Өзбекстан менен жектешкен мамлекеттик чек ара сызыгынын астынан өтөт. Болжолдуу түрдө, бул туннель контрабандалык эл керектөөчү товарларды, курал-жарактарды, ок-дарыларды,  мыйзамсыз миграцияны, накталай акчаларды жана баңгизаттарды ташуу үчүн колдонулган.

Бул үйдүн ээси Ош облусунда туулган У.С.И. экени аныкталды. Бул тоннелдин туурасы 1,5 метр, бийиктиги 2,1 метр, кыргыз-өзбек чек арасына чейинки узундугу 60 метрди түзөт.

Учурда бардык зарыл болгон ыкчам-тергөө иш-чаралары жүргүзүлүүдө.

x1b1ae828 84f8 4b31 a834 a87152a305de.jpg.pagespeed.ic.qO0l1wnKhr Кадамжай районунун Кайтпас айылында туннель табылды
xff315c46 46d8 463b b065 bff75e9255d2.jpg.pagespeed.ic.oZKvz8huEo Кадамжай районунун Кайтпас айылында туннель табылды
xec8a53a4 6854 4cf5 9b50 aa04b7303c34.jpg.pagespeed.ic.4PiPqRyS8T Кадамжай районунун Кайтпас айылында туннель табылды
xec8a53a4 6854 4cf5 9b50 aa04b7303c34.jpg.pagespeed.ic.4PiPqRyS8T Кадамжай районунун Кайтпас айылында туннель табылды
x03f9e6e8 0dd0 488d 9a7a f1deb737aad7.jpg.pagespeed.ic.2 eISsIvip Кадамжай районунун Кайтпас айылында туннель табылды
x64b3330b 0b85 4771 8bbd a5a8e55d6c61.jpg.pagespeed.ic.ahdwUfXUz5 Кадамжай районунун Кайтпас айылында туннель табылды