25-июнда Бишкек — Балыкчы поезд каттамы жүрбөйт

Бүгүн, 25-июнда Бишкек — Балыкчы поезд каттамы жүрбөйт. Бул тууралуу «Кыргыз темир жолу» ишканасы билдирди.

Маалыматка ылайык, ишкананын күч-каражаты менен селдин кесепеттери толук жоюлду.

Белгиленгендей, темир жолдун селден улам кум-шагылга толгон айрым тилкелерине Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин адистери текшерүү жүргүзөт.

«Аталган багытта каттамдын калыбына келүүсү боюнча маалымат кошумча берилет. Келтирилген ыңгайсыздыктар үчүн кечирим сурайбыз», — деп айтылат маалыматта.

Эскерте кетсек, кечээ, 24-июнда Боом капчыгайында катуу жаагандан жаандан улам тоодон сел суулары менен кошо түшкөн кум-шагыл темир жолду жаап, поезд каттамы токтоп калган.

image 20 20 25-июнда Бишкек — Балыкчы поезд каттамы жүрбөйт