Төрт өлкөнүн бирдиктүү операциясынын натыйжасында синтетикалык маңзат өндүргөн жана саткан топ кармалды

Орусиянын, Кыргызстандын, Казакстандын жана Өзбекстандын Ички иштер министрликтеринин (ИИМ) бирдиктүү операциясынын натыйжасында синтетикалык маңзат өндүргөн жана саткан топ кармалды.

Бул тууралуу 21-июнда Орусиянын ички иштер министри Владимир Колокольцев кабарлаганын РИА Новости жазды. Анын айтымында, атайын операцияга Орусиянын Почта коопсуздук кызматы да катышкан.

«Операциянын жүрүшүндө мунай чыгарган сегиз көмүскө лаборатория жок кылынды. Бул лабораториялардан маңзат чыгарууда колдонула турган 600 литр суюк химикат, 30 килограмм же 150 000 доза маңзат алынды. Маңзаттын жалпы наркы 280 миллион рублди түзөт. Маңзат тобунун уюштуруучулары жана катышуучулары кармалды. Иликтөө жүрүп жатат», — деди ал.

Колокольцевдин билдиришинче, Омск облусунун тургуну үйүндө Альфа-PVP синтетикалык маңзаты үчүн суюктук чыгарган лаборатория ачкан. Бул суюктукту ал тиричилик химиясы же автомобиль майы катары почта аркылуу Борбор Азия өлкөлөрүнө жиберип турган. Химикатты алгандар көмүскө лабораторияларда маңзат даярдашкан.

Жарым жылга созулган биргелешкен операциянын жүрүшүндө Орусия, Кыргызстан, Казакстан жана Өзбекстандан 20дан ашуун киши кармалган.

E02AE196 2EEA 4283 BDD4 1CDFB7C82C9D w1023 r1 s Төрт өлкөнүн бирдиктүү операциясынын натыйжасында синтетикалык маңзат өндүргөн жана саткан топ кармалды