Таласта лицейдин кызматкерлери өздөрүнө 9 эсе көп айлык алып жүргөн

Талас облустук прокуратурасы тарабынан №13 кесиптик лицейде жүргүзүлгөн текшерүүнүн жыйынтыгы менен финансылык мүнөздөгү бузуулар аныкталды.

Башкы прокуратуранын маалыматына караганда, 2019-2021-жылдары лицейдин айрым кызматкерлери өздөрү үчүн пайда көрүү жана артыкчылык алуу максатында кызмат абалынан кыянаттык менен пайдаланып, бекитилген тарификациялык тизмелерге карабастан, жалпы 2 млн 497 миң 254 сом ашыкча маяна алышкан.

Мисалы, тарификациялык тизмеге ылайык лицейдин башкы бухгалтери К.Т. 2021-жылдын июль айы үчүн маянасы 7553 сомду түзсө, анын иш жүзүндө алган эмгек акысы 73 миң 615 сомду түзүп, 9 эсе көп болгон.

Жогорудагы факты боюнча Талас облустук прокуратурасы тарабынан Кылмыш-жаза кодексинин 337-беренеси (Кызматтык абалынан кыянаттык менен пайдалануу) боюнча кылмыш иши козголуп, тергөө жүргүзүлүүдө.