
Камактагы журналист Куттумидин Базаркулов тергөө абагынан бошотулду. Бул тууралуу анын иниси «Азаттыкка» кабарлаган.
Ал Базаркулов кандай шартта бошотулганы жөнүндө маалыматы жоктугун, агасы Бишкекке жолго чыкканын айтты.
Куттумидин Базаркуловду УКМК 2021-жылдын 27-ноябрда үйүнөн кармаган. Журналист “Кызматынан кыянаттык менен пайдалануу” беренеси менен айыпталууда.
Тагыраагы 2015-жылы Жалал-Абад облустук телерадиоканалын башкарып турганда тендер өткөрүүдө эреже бузуп, сапатсыз техникаларды сатып алганы айтылган жана мамлекетке 3 миллион сомдон ашуун зыян келтиргени маалымдалган.